Бишкектеги соода борборунун унаа токтотуучу жайында өрт чыкты

Кырсык 190 12 Август 2026 18:00

Бишкек, 12.08.26 /Кабар/. Бүгүн, 12-августта, Бишкектин Свердлов районундагы Ибраимов көчөсүндө жайгашкан соода борборунун унаа токтотуучу жайында электр көмөк чордону өрттөндү. Бул тууралуу Бишкек шаардык Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 16:56да бир өрт өчүрүүчү эсеп тартылган.