Бишкектеги парктарда жыл соңуна чейин 26 коомдук даараткана ачылат

Коом
Бишкектеги парктарда жыл соңуна чейин 26 коомдук даараткана ачылат
copyright icon Кабар

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Бишкекте жыл соңуна чейин шаардагы сейил бактарда 26 коомдук даараткана ачуу пландалууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев шаардагы объектилерге уюштурулган пресс-турдун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, дааратканаларды пайдалануу үчүн алынуучу акы символикалык өлчөмдө болот.