Бишкектеги милиция бөлүмдөрүнүн биринде 1 жаран каза болду

Укук тартиби Загрузка... 13 Август 2025 10:15
531100964_1081838510801867_9219460506455572760_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 13.08.25. /Кабар/. Бишкектеги милиция бөлүмүндө жарандын каза болушу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-августта Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын №1 шаардык милиция бөлүмүндө М.А. аттуу жаран каза болгон. Аталган факты боюнча райондук прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликтен аша чабуу" беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иш козголду.

Тергөө аракеттерин жүргүзүү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылды.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тийиштүү баардык тергөө аракеттери прокуратура органынын көзөмөлү астында жүргүзүлүүдө.