Бишкектеги колледждердин биринде опузалап пара алуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 26 июнь 2025 13:55
513500289_1568543284104674_9072062844537546137_n.jpg
513089540_1568543244104678_1032304741831854874_n.jpg
513525273_1568543250771344_7575997429107066589_n.jpg
Алдыга
Артка
513500289_1568543284104674_9072062844537546137_n.jpg
513089540_1568543244104678_1032304741831854874_n.jpg
513525273_1568543250771344_7575997429107066589_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Бишкектеги колледждердин биринде опузалап пара талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Мектепке чейинки, жалпы, орто кесиптик жана жогорку билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча УКМК тарабынан ишке ашырылып жаткан иш-чаралардын алкагында 24-июнда "Опузалап пара талап кылуу" беренеси боюнча мамлекеттик бүтүрүү экзамендерине кирүү жана дипломдук ишти коргоо үчүн акча каражаттарынын бир бөлүгүн алууда Бишкектеги Курулуш, архитектура жана менеджмент колледжинин кафедра башчысы К.Д.С. жана окуу жайдын окутуучусу И.Н.С. кармалды.

Мында тергөө тарабынан И.Н.С. накталай жана Мбанк мобилдик тиркемеси аркылуу 20 миң сомдон ашык өлчөмдөгү акча каражаттарын алгандыгы катталган.

Кармалган К.Д.С. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ал эми И.Н.С.га карата эч жакка чыкпоо тил каты боюнча баш коргоо чарасы тандалып алынды.

УКМК билим берүү системасындагы коррупцияны жоюу боюнча антикоррупциялык иш-чаралар уланып жатканын кабарлайт жана КР колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында тиешелүү чараларды көрүү максатында жарандарды коррупциялык фактылар боюнча маалымдоого чакырат.