Бишкектеги кичи спорт аянтчасынын курулушу 70% бүттү

Коом Загрузка... 18 Февраль 2025 12:43
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардын бир катар объектилерин кыдырып, алардын арасында “Алга” спорт комплекси жана Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи спорт аренасынын курулуш иштеринен кабар алды.

Мэриядан билдиришкендей, калаа башчысы Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаевге жана Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисисне курулуш-монтаждоо иштеринин жана курулуш материалдарынын сапатына туруктуу көзөмөл жүргүзүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, өткөн дем алыш күндөрү, башкы архитектор Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи спорт аренасына барып, прорабга айрым курулуш нюанстары боюнча бир катар тапшырмаларды берген.