Бишкек, 28.02.26. /Кабар/. Бишкекте жашыруун баңгизат лабораториясы жоюлуп, 4 килограммдан ашык баңгизат каражаттары алынды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Ыкчам иш-чаралардын алкагында 21 жаштагы Д.Г. жана 32 жаштагы А.Л. аттуу жарандар кармалды. Тинтүү учурунда алар жашаган батирден жалпы салмагы 4 килограммдан ашык баңгизат табылган.
Алынган заттардын 3 килограмм 739 граммы — каннабис майы (гашиш майы), 295 граммдан ашыгы баңгизат аралаштырылган тамеки каражаттары болгон.
Тергөөдө аныкталгандай, шектүүлөр батирде баңгизаттарды өндүрүп, аларды атайын ачылган Telegram-канал аркылуу сатып келишкен. Учурда аталган канал жоюлуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бул факт боюнча сатуу максатында баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо менен кылмыш иши козголду.