Бишкекте жашы жете элек кызды жер төлөгө алып кирген адам кармалды

Укук тартиби
Бишкекте жашы жете элек кызды жер төлөгө алып кирген адам кармалды
copyright icon Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы

Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. Бишкекте 6 жашар кызды көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнө азгырган жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Н.С. аттуу жаран 10-июнда саат 20:00 чамасында Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жер төлөсүндө 2019-жылы туулган жашы жете элек кызы С. Ж. менен отурган белгисиз адамга карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган.

Аталган маалымат райондук милициянын жетекчилиги тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынып, күтүүсүз ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1972-жылы туулган шектүү Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Белгилей кетсек, маалымат тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында шектүүнүн уурулук фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталган.

Азыркы учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган зарыл тергөө аракеттерин жүргүзүү улантылууда.