Бишкекте жакшы жыйынтык көрсөткөн кызматкерлерге 50 миң сомдон берилди

Коом 2 октябрь 2026 16:00
830152988_1449285553765030_8057021030830789917_n.jpg
830162295_1731699974571893_2856798928377122264_n.jpg
830418937_994439133677774_8735224284180410985_n.jpg
830513826_1357689270759083_1011332935306150006_n.jpg
830573879_1410310807981210_953818553235238515_n.jpg
830669024_2911698292549327_18695504919190096_n.jpg
831222337_2199508131447798_1093171710133007091_n.jpg
831340636_1075800342015620_1988103262037069550_n.jpg
831438864_1072928468708665_4757928808224903115_n.jpg
833261902_1126632859717779_3365447963659802146_n.jpg
833863554_1410485150504210_8642394243492999240_n.jpg
835011151_3635758756572708_807443094279000749_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтардын жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен 10 кызматкерине 50 миң сомдук сертификаттарды тапшырды.

Муниципалитеттен билдиришкедей, сыйлык Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана Муниципалдык инспекциянын кызматкерлерине берилди.

Мэрдин айтымында, жыл аягына чейин жогорку көрсөткүч көрсөткөн кызматкерлерге ай сайын 50 миң сом өлчөмүндө материалдык сый акы берүү каралган.

"Жыл башынан бери Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан 8,5 миңге жакын объект демонтаждалып, муниципалдык менчиктеги 267 миң чарчы метр жер тилкеси бошотулган. Ошондой эле 56 млн сомго жакын айып пул өндүрүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Муниципалдык инспекция 787 рейд өткөрүп, 42 миңден ашык объектти жана чарба жүргүзүүчү субъектти текшерген. Натыйжада 14,5 миңге жакын административдик укук бузуу аныкталып, 57 млн сомдон ашык айып пул өндүрүлгөн.