Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисин жана Восточная көчөсүн кеңейтүү үчүн алынган 13 жер тилкесинин ээлерине 40 млн 763 миң сом кенемте төлөндү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бүгүн мэр Айбек Жунушалиев жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүүчү компенсациялык сертификаттарды тапшырды. Төлөмдүн көлөмү көз карандысыз баалоонун негизинде аныкталган.
Мындан тышкары, Элебесов көчөсүн кеңейтүүдө тоскоолдук жараткан 7 үйдүн ээлерине бюджеттен тышкаркы каражаттан компенсация берилген. Ал эми Шабдан баатыр көчөсү менен Иманалы Айдарбеков бульварынын кесилишиндеги жол түйүнүн курууда тоскоолдук жараткан 16 объекттин биринин ээси компенсация алган. Калган объектилер боюнча иштер уланууда.