Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Министрлер кабинети 13 сентябрь 2026 14:00
IMG_3232.jpeg
IMG_3229.jpeg
IMG_3228.jpeg
IMG_3225.jpeg
IMG_3226.jpeg
IMG_3224.jpeg
IMG_3223.jpeg
IMG_3222.jpeg
IMG_3227.jpeg
IMG_3230.jpeg
IMG_3233.jpeg
IMG_3231.jpeg
IMG_3234.jpeg
IMG_3235.jpeg
IMG_3238.jpeg
IMG_3240.jpeg
IMG_3241.jpeg
IMG_3242.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_3232.jpeg
IMG_3229.jpeg
IMG_3228.jpeg
IMG_3225.jpeg
IMG_3226.jpeg
IMG_3224.jpeg
IMG_3223.jpeg
IMG_3222.jpeg
IMG_3227.jpeg
IMG_3230.jpeg
IMG_3233.jpeg
IMG_3231.jpeg
IMG_3234.jpeg
IMG_3235.jpeg
IMG_3238.jpeg
IMG_3240.jpeg
IMG_3241.jpeg
IMG_3242.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 13.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясы ачылды.

Анын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.

Академия эл аралык деңгээлдеги шахматчыларды даярдоону, таланттуу жаштарды колдоону, ошондой эле өлкөдө шахмат кыймылын андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылууга багытталган.

Учурда өлкөнүн 500 мектебинде 3–5-класстын окуучулары үчүн пилоттук негизде “Мектептердеги шахмат” долбоору ишке ашырылууда.

“Бүгүн Улуттук шахмат академиясы өз ишин баштап жатат. Ал таланттуу шахматчыларды даярдоонун маанилүү борборуна айланып, Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу көрсөткөн спортчулардын жаңы муунун калыптандырууга көмөктөшөт деп ишенем”, - деди ал.

Иш-чаранын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев шахмат тактасында биринчи жүрүштү жасап, уюмдун ишине расмий старт берди.