Бишкекте УКМКнын бала бакчасы курулат

2166 03 Апрель 2026 16:15
WhatsApp Image 2026-04-03 at 15.09.04 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-03 at 15.09.05.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-03 at 15.09.06.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-03 at 15.09.05 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-03 at 15.09.05 (2).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon УКМК

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 3-апрелде Бишкекте УКМКга караштуу бала бакчанын имаратынын пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи болду. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, иш-чарага УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков жана курулуш, архитектура жана турак жай - коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев катышты.

Жаңы бала бакчага УКМКнын жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, ошондой эле муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин балдары кабыл алынат.

Иш-чарада мамлекеттик курулуш саясатынын артыкчылыктуу багыттары туруктуу жашоо чөйрөсүн калыптандыруу, архитектуралык жана шаар куруу тармактарын өнүктүрүү, турак жай-коммуналдык чарба жана инженердик инфраструктураны модернизациялоо экени баса белгиленди.