Бишкекте тескөөчүгө пара берип жаткан жеринен чет өлкөлүк жаран кармалды

Укук тартиби 7 август 2025 10:38
529956495_18420336331100985_3164052744343605850_n.jpg
528329563_18420336334100985_7749066548321330503_n.jpg
529862504_18420336343100985_7305487966294142034_n.jpg
Алдыга
Артка
529956495_18420336331100985_3164052744343605850_n.jpg
528329563_18420336334100985_7749066548321330503_n.jpg
529862504_18420336343100985_7305487966294142034_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы

Бишкек, 07.08.25 /Кабар/. Бишкекте Кайгуул кызматынын тескөөчүсүнө пара берип жаткан жеринен чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-августта Бишкекте мас абалында унаа башкарып бара жаткан 2002-жылы туулган И.У.Х. аттуу айдоочу токтотулуп, ага карата тийиштүү протокол толтуруу менен унаасы айып короо жайына токтотулган.

Кийин айдоочунун таанышы ушул маселени оң жагына чечүү максатында Кайгуул кызматынын кызматкерине пара сунуштаган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Пара берүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 6-августта кайгуул кызматкеринин тескөөчүсүнө 10 миң сом пара берип жаткан жеринен чет өлкөлүк жаран кармалган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.