15 үйдү тоноого шектелүүдө. Бишкекте "жалган" милиционерлер кармалды

Укук тартиби 20 февраль 2026 14:30
WhatsApp Image 2026-02-20 at 14.20.08.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-20 at 14.20.02.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-20 at 14.20.01.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-02-20 at 14.20.08.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-20 at 14.20.02.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-20 at 14.20.01.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon ИИМ

Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Өздөрүн ички иштер органдарынын кызматкерлери катары тааныштырган адамдардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар "текшерүү жүргүзөбүз" деген шылтоо менен үйлөргө кирип, жарандардан акча талап кылышкан.

Бул факты боюнча "Тоноо" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Иликтөөнүн алкагында 1995-жылы туулган К.Ж., С.А.А. жана 1994-жылы туулган Ж.Э.Ж.кармалды. Алардын баары мурда жеке күзөт агенттиктеринин кызматкерлери болушкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган адамдар Бишкек шаарынын аймагында 15 дарек боюнча ушундай эле аракеттерди жасашкан. Мыйзамсыз аракеттерден келтирилген зыяндын көлөмү аныкталууда.

Мыйзамсыз ишмердүүлүктүн башка мүмкүн болгон эпизоддорун аныктоо боюнча андан ары тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.