Бетон куюучу техника кулап түшкөн: "КФ Авангард" компаниясына айып салынды

Укук тартиби Жүктөлүүдө... 07 Июль 2026 11:15
7d840329-3eb5-47a2-9bf7-7ea2d728c057.jpg
977fad10-925b-472f-846c-b90ffd6fa681.jpg
a93b3ce2-188d-4d5d-a919-c3b8cdc7f158.jpg
cdee6473-93fc-476c-b074-95c9c90aef69.jpg
Алдыга
Артка
7d840329-3eb5-47a2-9bf7-7ea2d728c057.jpg
977fad10-925b-472f-846c-b90ffd6fa681.jpg
a93b3ce2-188d-4d5d-a919-c3b8cdc7f158.jpg
cdee6473-93fc-476c-b074-95c9c90aef69.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 07.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы курулуш объектисинде кулаган атайын техникалык унаа боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя Чыңгыз Айтматов проспектиси, 48 дарегинде жайгашкан 20-25 кабаттуу турак жай комплексинин курулуш аянтчасында болгон. Ал жерде бетон куюучу насостук жабдууну жылдыруу учурунда конструкция жылып, натыйжада техника тең салмактуулугун жоготуп, курулуштун сырткы тосмосуна кулап түшкөн.

Адистер жеринде текшерүү жүргүзүп, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "КФ Авангард" ЖЧКсына карата тиешелүү акт түзүлдү. Натыйжада коопсуздукту сактабагандыгы үчүн компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуядан эч ким жабыркаган жок.

Учурда окуя болгон аймак толугу менен курчоого алынып, бузулган жерлерди калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат.