Бишкекте өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча рейд уланууда

Коом 11 Апрель 2025 09:10
490223129_1103448558497664_5703381063998202690_n.jpg
489913839_1103448555164331_3821615319766004661_n.jpg
490380168_1103448495164337_6654946950506389099_n.jpg
490295771_1103448468497673_7833425797354069157_n.jpg
490340534_1103448448497675_6061273120107952847_n.jpg
490121926_1103448385164348_510279902979908438_n.jpg
490175502_1103448371831016_1865914902228872119_n.jpg
Алдыга
Артка
490223129_1103448558497664_5703381063998202690_n.jpg
489913839_1103448555164331_3821615319766004661_n.jpg
490380168_1103448495164337_6654946950506389099_n.jpg
490295771_1103448468497673_7833425797354069157_n.jpg
490340534_1103448448497675_6061273120107952847_n.jpg
490121926_1103448385164348_510279902979908438_n.jpg
490175502_1103448371831016_1865914902228872119_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 11.04.25. /Кабар/. Бишкекте өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча рейд уланууда.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, иринчи Май райондук администрациясы РИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана райондук муниципалдык аймактык башкармалыгы менен биргеликте аткарылган рейддин жүрүшүндө «Азиз», «Кудайберген» жана «Сары-Өзөн» базарлары текшерилип, жыйынтыгында 5 өспүрүм эмгекке тартылгандыгы аныкталды. Аларга мындай мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң жашы жете элек балдар мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Бардык аныкталган жашы жете электерге протоколдор түзүлүп, андан ары профилактикалык иштерди жүргүзүү жана социалдык жактан колдоо көрсөтүү үчүн тиешелүү каттар жашаган жери боюнча райондордун Социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнө жиберилет.

Белгилей кетсек, рейддик иш-чаралар системалуу түрдө жүргүзүлүүдө. Балдар эмгегин эксплуатациялоонун алдын алуу боюнча иш берүүчүлөр жана чарбалык субъекттер менен түшүндүрүү иштери өткөрүлүүдө.

"Жашы жете электердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган фактыларды билдирүү үчүн күнү-түнү иштеген “111 ишеним телефону”, ошондой эле Биринчи Май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн ишеним телефону иштейт: 67-03-86",-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ата-энелер балдарын тарбиялоо, багуу жана коопсуздугу үчүн жооптуу.