Бишкек, 13.02.26 /Кабар/. Бишкекте социалдык тармактарда каралоочу видеолорду тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, милиция кызматкерлери интернетке жүргүзүлгөн мониторинг учурунда Facebook социалдык тармагынан терс мүнөздөгү видеоматериалдарды таратып жаткан “Жолдош Сыргаков” аттуу аккаунтту аныкташкан.
Текшерүүнүн жүрүшүндө баракчанын ээси 1983-жылы туулган Ж.С. экени аныкталды.
Жарыяланган материалдар мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин аброюна шек келтириши мүмкүн болгон. Аталган факт маалыматтарды каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Ошондой эле аталган жаран милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, алардын дарегине жаман сөздөрдү айткан.
Чогултулган материалдар Биринчи май райондук милициясынын Коомдук коопсуздук кызматына өткөрүп берилип, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси («Бейбаштык») боюнча протокол түзүлүп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.