Бишкек, 03.04.26 /Кабар/. Бишкек шаарында 4 млн 760 миң 756 сом өлчөмүндөгү материалдык зыян өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы билдирет.
Маалым болгондой, Биринчи май райондук бөлүмүнүн өндүрүшүндө карызкор Р.Б.И.ден жабырлануучу У.Д.Д.нын пайдасына материалдык зыян өндүрүү тууралуу иш каралып жаткан.
Сот аткаруучулар тарабынан көрүлгөн ыкчам мажбурлоо чараларынын натыйжасында, күн мурун, 2-апрелде 4 млн 760 миң 756 сом өлчөмүндөгү каражат толугу менен өндүрүлүп, жабырлануучуга кайтарып берилди.