Шахмат: Мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында Азия чемпионаты башталды

Спорт 07 Апрель 2026 09:30
1775479310.jpg
1775479361.jpg
1775479349.jpg
1775479322.jpg
1775479318.jpg
1775479314.jpg
1775479298.jpg
1775479290.jpg
1775479268.jpg
1775479403_large.jpeg
Алдыга
Артка
1775479310.jpg
1775479361.jpg
1775479349.jpg
1775479322.jpg
1775479318.jpg
1775479314.jpg
1775479298.jpg
1775479290.jpg
1775479268.jpg
1775479403_large.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Бишкекте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында шахмат боюнча Азиянын биринчи чемпионаты башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке Дүйнөлүк шахмат федерациясы, Азия шахмат федерациясы жана Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык шахмат ассоциациясы тарабынан колдоо көрсөтүлүүдө.

Чемпионатка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан 25ке жакын шахматчы катышууда.

Турнир тогуз турдан турган швейцариялык система боюнча өтүүдө.

Жеңүүчүлөр кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат.

Мэриядан белгилешкендей, программанын алкагында маданий иш-чаралар да каралган. 9-апрелде катышуучулар "Ала-Арча" жаратылыш паркына барып эс алышат.