Бишкекте психотроптук дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 09 Январь 2026 13:56
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек ШИИБ

Бишкек, 09.01.26. /Кабар/. Бишкекте психотроптук дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Милициянын маалыматына ылайык, 30-декабрда Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматына Биринчи май районунун аймагында белгисиз адамдар психотроптук жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди, ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенип жатканы жөнүндө ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Власов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанынан милиция кызматкерлери тарабынан 39 жаштагы Т.Г. аттуу жаран кармалган.

Жеке тинтүү учурунда ага таандык кара түстөгү сумкадан психотроптук, күчтүү таасир этүүчү дары-дармектин 214 таблеткасы табылган.

Кармалган жаран аталган дары-дармектерди Ош базарынан сатып алып, дарыгердин дайындоосуз жана рецептисиз тааныш адамдарга бир даанасын 500-700 сомго чейинки баада саткандыгын айткан.

Шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда бардык зарыл болгон тергөө иш-чаралары улантылууда.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды дарыгердин дайындоосу жана рецептисиз дары-дармектерди сатып албоого, ошондой эле баңгизаттардын, психотроптук жана күчтүү таасир этүүчү заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү тууралуу фактылар боюнча ички иштер органдарына дароо билдирүүгө чакырып, анонимдүүлүк жана купуялуулук кепилденерин белгилейт.