Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда онкологиялык оорулуу балдардын ата-энелери үчүн жатак жай курулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун балдар онкология бөлүмүнө барганда билдирди.
Досмамбетов белгилегендей, адистештирилген жайга региондордон келип, узак мөөнөттүү дарыланууда жүргөн балдардын ата-энелери убактылуу жайгашат.
Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу учурда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жатак жай куруу маселеси иштелип жатканын айтты.