Бишкекте октябрда 8 тилкелүү көпүрөнүн бир бөлүгү ачылат

Коом 18 сентябрь 2026 16:00
WhatsApp Image 2026-09-18 at 13.14.59.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-18 at 13.14.53.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-18 at 13.14.59.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-18 at 13.14.53.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 18.09.26 /Кабар/. Бишкекте жол тыгындарын азайтуу максатында бир катар инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Бишкек мэринин орун басары Рамиз Алиев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бекитилген пландын алкагында шаарда жер алдындагы жана үстүндөгү 23 жөө жүргүнчүлөр өтмөгүн куруу каралган. Алардын жетөөсү толугу менен даяр.

Мындан тышкары, жаңы алты көпүрө куруу пландалса, учурда анын төртөө курулууда, бирөө пайдаланууга берилди. Ошондой эле Айдарбеков – Шабдан баатыр, Фучик – Лев Толстой көчөлөрүнүн жана Чыңгыз Айтматов проспекти менен Анкара көчөсүнүн кесилиштеринде үч ири жол өтмөгүн куруу пландалууда.

Рамиз Алиев жолдорду оңдоо жана кеңейтүү боюнча иштердин жүрүшүнө да токтолду.

“Башында 120 чакырым жолду оңдоо пландалган. Бирок 17-сентябрга карата бул көрсөткүч 140 чакырымдан ашты. Негизги долбоорлордун бири — узундугу 200 метрден ашкан көпүрө. Анын туурасы 40 метр болуп, сегиз тилкелүү жол болот. Чыгыш жана батыш багытындагы кыймылды октябрдын аягына чейин ачуу пландалууда. Ал эми объектти толугу менен жыл аягына чейин бүтүрөбүз”, — деди мэрдин орун басары.

Алиевдин айтымында, көпүрөнүн курулушу аяктагандан кийин Фучик жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жол өтмөгүнүн курулушу башталат.