Мыйзамсыз кумар оюндары аныкталып, үч шектүү кармалды

Укук тартиби 3 сентябрь 2025 15:25
540921172_1170127978469535_1850625094813818127_n.jpg
541996894_1170128161802850_5244119737661121002_n.jpg
543114930_1170128148469518_3573766759957899230_n.jpg
541494826_1170128058469527_2294863611406584739_n.jpg
541916670_1170128045136195_8662161209421454991_n.jpg
541397547_1170127975136202_8513395646316004529_n.jpg
542687085_1170127971802869_8119120290569417223_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. Бишкекте кумар оюндарын мыйзамсыз уюштурууга шектелген жарандар кармалды . Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагында кумар оюндарын уюштуруу фактысы боюнча ыкчам маалымат алышкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө “А.” аттуу жаран бир күндүк батирлерди ижарага алып, мыйзамсыз түрдө “Рэйк” деп аталган кумар оюндарын уюштуруп жүргөнү аныкталган. Ал оюнга катышкан жарандардан 5% өлчөмүндө киреше алып турган.

Жыйналган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 219-1-беренеси (“Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу”) боюнча кылмыш иши козголду.

ИИМдин ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында оюн өткөрүлгөн жай жана ага тиешеси бар адамдар аныкталды. Натыйжада О.А., Р.Т. жана Ж.К. аттуу жарандар шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттун чечими менен аларга карата камакка алуу баш коргоо чарасы тандалды.

Азыркы тапта бул факты боюнча тергөө иштери улантылууда.