Бишкекте ичимдик өндүргөн жашыруун цехтер аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 12 Февраль 2026 14:55
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 12.02.26 /Кабар/. Бишкекте алкоголдук ичимдикти мыйзамсыз өндүргөн жашыруун цехтер аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Цехтердин имараттарын текшерүү учурунда 902 литр спирт, 381 бөтөлкө "Пшеничная" арагы, 43 литр суюлтулган спирт, стакандагы аракты куюу жана өндүрүү үчүн жабдуулар, ошондой эле 164 даана жасалма акциздик марка аныкталып, алынды.

"Өндүрүш уруксат берүүчү документтери жана алкоголдук продукцияларды чыгарууга лицензиясы жок, акциздик маркаларысыз жана тиешелүү салыктарды, анын ичинде акциз салыгын төлөбөстөн ишке ашырылган",-деп айтылат маалыматта.

Бул фактылар боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Аламүдүн районунун Ленин айылында "Макколли" аз алкоголдуу суусундугун мыйзамсыз өндүргөн цех аныкталды.

Эскерте кетсек, маркасы жок акциздик продукцияларды сатуу үчүн жоопкерчилик чаралары каралган: 200 даанага чейин сатууда — 100 миң сом өлчөмүндө айып пул, ал эми 200дөн ашык санда сатууда — 7 жылга чейин эркинен ажыратылат.