Бишкекте Достук паркынын аймагы кеңейтилет

Коом 27 августа 2026 11:00
1.jpg
2.jpg
3.jpg
4.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
2.jpg
3.jpg
4.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстан менен Түштүк Кореянын Достук паркынын аймагындагы, мурда "Будда бар" жайгашкан 1 330 чарчы метр жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аймакты жеринен көрүп, учурдагы тосмону демонтаждоо жана аймакты көрктөндүрүп, жашылдандыруу боюнча тапшырмаларды берди.

Ошондой эле кошумча бак-дарактарды отургузуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылды.

Мэр бул аймакты парктын курамында сактап, анын функционалдык багытын өзгөртпөөнү жана парк менен бирдиктүү стилде көрктөндүрүүнү тапшырды.