Бишкекте мурдагы бала бакчанын имараты ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

Коом 956 28 Февраль 2025 10:26
480910706_1478876276404709_8730857866815558275_n.jpg
480753415_1478876249738045_5168538627050039485_n.jpg
480759219_1478876329738037_8595608286062091723_n.jpg
481470555_1478876253071378_8109268335172499542_n.jpg
482200429_1478876303071373_4726326492148737253_n.jpg
482242343_1478876269738043_7877005163227927789_n.jpg
482257820_1478876309738039_6385679819969003924_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 28. 02.25. /Кабар/. Бишкек шаарында мурдагы бала бакчанын имараты ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Бишкек шаары, Маевка Муниципалдык аймактык башкармалыгы дарегинде жайгашкан, пайдалуу аянты 735,8 кв м, турак жай аянты 460,5 кв м., жер тилкеси 0,63 га болгон балдар бакчасынын имаратын мыйзамсыз жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталган.

Тактап айтканда, 1994-жылы мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү мезгилинде аталган бала бакча мыйзамсыз чыгарылып, кийин жеке менчикке сатылып кеткени такталган.

Белгилей кетсек, жеке менчикке өткөндөн бери бала бакчанын имараты бүгүнкү күнгө чейин өз максатына ылайык пайдаланылбай келген. Учурда аталган имарат талкаланып, кароосуз калып, дары-дармек каражаттарын сактоочу жай катары колдонулган.

Ошондой эле жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган объекттин ээси С.В.А. мүлккө ээлик кылуунун укукка жатпагандыгын түшүнүп, мурдагы бала бакчанын имаратын жер тилкеси менен кошо мамлекеттин пайдасына өткөрүп берди.

Азыркы учурда мурдагы бала бакчанын имараты Бишкек шаарынын мэриясынын балансына максаттуу пайдалануу үчүн өткөрүлүп берилгенин белгилей кетүү керек.