Бишкекте милиционер 350 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби Жүктөлүүдө... 21 Январь 2026 11:38
618361385_1391401952767620_2371015819226840434_n.jpg
618138647_1391401956100953_951877362724301908_n.jpg
618147472_1391401949434287_6763404874110376010_n.jpg
618248203_1391402089434273_5575658795622044661_n.jpg
619321519_1391402012767614_5966615182049596506_n.jpg
619657662_1391402062767609_555860649558448136_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon УКМК

Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкеринин катышуусундагы опузалоо фактысы токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

17-январда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Т.А. аттуу жаран жана Октябрь РИИБинин кызматкери А.Э.Б. опузалап акча талап кылуу белгилери боюнча Ч.М. аттуу жарандан 350 миң сом алып жатканда кармалышкан.

Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, жаран Ч.М.ге карата Т.А.ны зордуктаган деген айып тагуу шылтоосу менен опузалашкан. Буга байланыштуу Т.А. милиция кызматкери Э.А. менен алдын ала сүйлөшүп алып, оң чечим кабыл алуу үчүн Ч.М.дан жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын талап кылышкан.

Мындан улам Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун санкциясынын негизинде Э.А. жана Т.А. УКМКНЫН тергөө абагына камакка алынды.