Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте жаңы “Манас” маданий борборунун курулушуна мезгил кутучасы салынды.
Иш-чарага президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев катышып, жаңы заманбап “Манас” комплексинин курулушуна расмий түрдө старт берди.
Имараттын жалпы аянты 6681 чарчы метрди түзөт. Долбоордун алкагында курулуш үчүн 2 гектар жер тилкеси бөлүнгөн.
“Манас” комплекси улуттук маданиятты өнүктүрүү, тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана ар кандай деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган уникалдуу маданий борбор болуп саналмакчы.
Белгилей кетсек, курулуш иштерин 2027-жылдын экинчи кварталында аяктоо пландалууда. “Манас” борбору толугу менен өзүн-өзү каржылаган, чыгымдарын өз кирешесинин эсебинен жапкан маданий комплекс болот.