Бишкекте мамлекеттин пайдасына 7,8 млн сом өндүрүлдү

Укук тартиби Загрузка... 17 Апрель 2026 12:02
73bb50e7a6d4be44f83fce7510e16fc3.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 17.04.26. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май районунда мамлекеттин пайдасына 7,8 млн сом өндүрүлдү.

Сот аткаруучулар кызматынан билдиришкендей, райондук сот аткаруучулар бөлүмү тарабынан мамлекеттик органдын пайдасына ири өлчөмдөгү акча каражатын өндүрүү тууралуу соттун чечими толугу менен аткарылды.

Аткаруу өндүрүшүнүн алкагында жарандар Д.М.А., Б.А. жана Ж.Ж.М.дан жалпысынан 7 млн 833 миң 208 сом өндүрүлүп, мамлекеттин кирешесине чегерилди.