Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Бишкекте мамлекеттик жеке-өнөктөштүктүн негизинде саркынды сууларды тазалоочу жай курулууда. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун жүрүшүнө мониторинг жүргүздү.
Анда объекттин учурдагы абалына текшерүү жүргүзүлүп, долбоорду аткаруунун негизги этаптары талкууланды.
Равшанбек Сабиров бул долбоор Бишкек шаары үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ экенин белгилеп, ал социалдык жана коммуналдык кызматтардын сапатын жакшыртууга, ошондой эле экологиялык коопсуздукту камсыздоого жана шаардык инфраструктуранын туруктуу өнүгүшүнө багытталганын айтты.
Ошондой эле ал аталган долбоорду мындан ары өнүктүрүүнүн жана масштабын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, башка шаарлардын социалдык-экономикалык жана экологиялык муктаждыктарын эске алуу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн демилгелерин ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугун кошумчалады.