Бишкекте Ленин райондук сотунун судьясы пара менен кармалды

Укук тартиби Загрузка... 18 Февраль 2025 12:27
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы пара алуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат сот органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн жүрүшүндө Ленин райондук сотунун судьясы А.М.А. тарабынан пара алуу фактысын аныктап, ал ортомчу болгон М.С.А. аттуу адвокат аркылуу каралып жаткан жарандык иш боюнча оң чечим кабыл алгандыгы үчүн пара түрүндө 22 миң доллар суммасында акча каражатын алган.

Мындан улам Башкы прокурору тарабынан Ленин райондук сотунун судьясы А.М.А.га жана адвокат М.С.А.га карата КР Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызмат адамы тарабынан ири өлчөмдө пара алуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында коррупциялык схеманын бардык катышуучулары күнөөсүн мойнуна алышкан.

13-февралда Судьялар кеңешинин, ошондой эле Биринчи май райондук соту тарабынан Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы А.М.А.ны УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечими чыгарылган.

Азыркы учурда жогоруда аталган фактыларды документтештирүүгө, ошондой эле судья А.М.А.нын жана башка адамдардын ушундай эле кылмыш иштерин аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү улантылууда.