Бишкекте кыздарды сабап, бассейнге түртүп жиберген киши кармалды

Укук тартиби Загрузка... 04 Июль 2025 09:20
copyright icon Биринчи Май РИИБи

Бишкек 4.07.25 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБи тарабынан бейбаштыкка шектелген жаран кармалды.

Мекемеден билдиришкендей, 30-июлда саат 01:00 чамасында Киев көчөсүндөгү мейманканалардын биринде жайгашкан бассейнде коомдук тартипти одоно бузуп, себепсиз ур-соккуга алганын айтып 3 жаран, А.Р. атуу жаранга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Бул факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) жана 206-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган А.Р. кармалып, 1-июлда убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен кылмышка шектүүнү 1 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы киргизилген.

Белгилей кетсек, окуянын башка катышуучуларынын да жүргөн жерин тактоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө.