Бишкекте “Кытай – Борбор Азия” аналитикалык борборлорунун форуму өтүүдө

Коом
WhatsApp Image 2026-10-22 at 10.14.33.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-22 at 10.14.26.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-22 at 10.14.21.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-22 at 10.14.33.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-22 at 10.14.26.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-22 at 10.14.21.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарында “Жогорку сапаттагы өнүгүү жана биргелешкен модернизация” темасына арналган “Кытай – Борбор Азия” аналитикалык борборлорунун VI форуму өтүп, анда Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн 100гө жакын өкүлү аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү, экономикалык интеграция, санариптештирүү жана адам капиталын өнүктүрүү маселелерин талкуулашууда.

Форум президентке караштуу Стратегиялык улуттук демилгелер институту жана Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын Россия, Чыгыш Европа жана Борбор Азия институту тарабынан уюштурулду. Иш-чарага Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын аналитикалык жана изилдөө борборлорунун өкүлдөрү да катышууда.

Иш-чаранын максаты — аналитикалык борборлордун ортосундагы туруктуу кызматташтыкты чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана аймактык өнүгүүнүн актуалдуу маселелери боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгуу.

Форумдун күн тартибине төрт негизги багыт киргизилген. Алар — жогорку сапаттагы өнүгүү жана биргелешкен модернизация, туруктуу аймактык интеграция жана циркулярдык экономика, инновациялар менен жасалма интеллект, ошондой эле адам капиталын өнүктүрүү жана гуманитардык кызматташтык.

Катышуучулар транспорттук-логистикалык коридорлорду өнүктүрүү, өндүрүштүк кооперацияны кеңейтүү, соода тоскоолдуктарын жоюу, мамлекеттик башкарууну санариптештирүү, жасалма интеллектти колдонуу, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарындагы кызматташтыкты талкуулашат.

Форум Кытай менен Борбор Азиянын аналитикалык борборлорунун 2021-жылдан бери уланып келе жаткан эксперттик диалогунун алкагында өтүүдө. Бул формат 2023-жылы Кытай менен Борбордук Азия мамлекеттеринин биринчи саммитинин жетишкендиктеринин катарына киргизилген.

Форумдун жыйынтыгында эксперттик кызматташтыктын келечектүү багыттарын аныктоо, кесиптик байланыштарды кеңейтүү жана Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган сунуштарды даярдоо күтүлүүдө.