Бишкекте Кыргызстан менен Кипрдин ТИМ башчыларынын жолугушуусу өтүүдө

Саясат Загрузка... 08 Июнь 2026 10:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.06.26 /Кабар/. Бишкек шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбостун жолугушуусу өтүүдө. Аталган өлкөнүн министри күн мурун расмий сапар менен Кыргызстанга келген.

Учурда тараптар кызматташтыкты улантуу боюнча кенен курамдагы сүйлөшүү жүргүзүүдө.

Жолугушуунун алкагында Жээнбек Кулубаев Кыргызстан тышкы саясат тармагында кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендигин баса белгилеп өттү.

Анын айтымында, көп тараптуу кызматташтык боюнча Бириккен Улуттар Уюму, ЕККУ жана Европа биримдигинин алкагында бир катар биргелешкен демилгелер бар. Бүгүнкү жолугушууда бул маселелерди кеңири талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгилеп, тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы байланышты мындан ары да чыңдоо маанилүү экенин айтты.

“Албетте, тышкы саясий ведомстволорунун ортосундагы кызматташууну мындан ары да күчөтүү зарыл. Бүгүн кол коюла турган Тышкы иштер министрликтеринин 2027–2028-жылдарга карата кызматташуу программасы биздин алакаларды дагы да бекемдеп, өз ара кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарат деп ойлойм. Бүгүн өнөктөштүгүбүзгө байланышкан бардык актуалдуу маселелер боюнча ачык, мазмундуу жана жемиштүү диалог жүргүзө аларыбызга терең ишенем”, - деди Жээнбек Кулубаев.