Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Дэн Сяопин проспектиси, 391 дарегинде жайгашкан үч кабаттуу мейманкананын курулушунда бир катар мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.
Маалым болгондой, аталган объектте курулуш ченемдеринин, техникалык регламенттердин жана курулуш тармагында колдонулуучу башка милдеттүү талаптар толук көлөмдө сакталган эмес.
Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "ПГС Элит" ЖЧКсына аныкталган кемчиликтерди белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча көрсөтмө берилди. Ошондой эле тиешелүү протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мыйзам бузуулар толук жоюлуп, курулуш мыйзамдарынын талаптары аткарылганга чейин объекттеги курулуш иштери убактылуу токтотулду