Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде көк бөрү боюнча эл аралык окуу-машыгуу семинары өтүп жатат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Афганистан жана Россиядан 16 калыс катышууда.
Көчмөндөр оюндарынын медиа штабынан билдиришкендей, семинарды Көк бөрү эл аралык федерациясы уюштурууда. Окутуу иштерин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучулары, Улан Алимов баштаган топ жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы калысы Эржигит Усаровдор жүргүзүп жатышат.
Семинардын расмий бөлүгүн Көк бөрү эл аралык федерациянын башкы катчысы Кувватбек Аскарбеков ачты. Ал VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын жүрүшү тууралуу айтып, эл аралык мелдештерде жогорку квалификациялуу жана адилеттүү калыстыктын маанилүүлүгүн белгиледи.
Семинардын алкагында калыстар кесиптик билимин өркүндөтүп, экзамен тапшырышат. Анда оюндар учурунда калыстардын жоопкерчилигине, эрежелерди так сактоосуна жана көк бөрү боюнча мелдештерде калыс чечим чыгарууну камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат.
Программада көк бөрүнүн жалпы эрежелери, калыстык кылуунун ыкмалары, оюнда уруксат берилген жана тыюу салынган ыкмалар боюнча теориялык сабактар каралган. Мындан тышкары, катышуучулар практикалык машыгуулардан өтүшөт.
Жыйынтыгында экзамендерди ийгиликтүү тапшырган калыстарга алардын квалификациясын тастыктаган эл аралык сертификаттар тапшырылат. Бул аларга VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган көк бөрү боюнча мелдештерде калыстык кылууга мүмкүнчүлүк берет.