Бишкекте картон жана желим сакталган ири кампа өрттөндү

Кырсык Загрузка... 29 Май 2026 09:25
copyright icon ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгы

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын М. Лущихин көчөсүндө жайгашкан кампалардын биринен чыккан ири өрт 27-майда саат 20:06да толук өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктан жабыркагандар жок.

Тилсиз жоо каптаган аянт болжол менен 900 чарчы метрди түзгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, темир менен жабылган кампанын ичинде сакталган картон кутулар, желим бөтөлкөлөрдүн даярдамалары (преформа) жана жыгач тактайлар күйгөн.

Кырсыктын масштабына байланыштуу жерине 7 күжүрмөн эсеп, Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун унаасы, Ыкчам штаб, ИИМдин 1 экипажы жана "Бишкек суу канал" ишканасынын суу ташуучу техникасы тартылган.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана чыгымдары такталууда.