Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан аша чабуу жана физикалык күч колдонуу фактысы боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Тактап айтканда, Ленин РИИБдин кызматкерлери майда бейбаштыкка шектелген Л.Т.Д. аттуу жаранды №2 шаардык милиция бөлүмүнө жеткиришип, эч кандай негизсиз кармалган жаранды сабап салышкан.
Алган жаракаттарына байланыштуу Л.Д.Т. тез жардам бригадасы тарабынан Улуттук госпиталга жеткирилип, стационардык дарылоо дайындалган.
Эксперттик корутундуга ылайык, Л.Д.Т.нын баш мээси чайкалып, эки омурткасы сынып, жүлүндүн жабык жаракаты, ошондой эле бет жана бел тарабынын жумшак ткандары көгөргөн.
21-февралда ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында милиция кызматкери Р.у.М. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.