Бишкекте “кара күрөөкананы" иштеткен жаран кармалды

Укук тартиби 14 февраль 2026 12:18
WhatsApp Image 2026-02-14 at 12.19.53.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-14 at 11.27.57 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-14 at 11.28.04 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-02-14 at 12.19.53.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-14 at 11.27.57 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-14 at 11.28.04 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon УКМК

Бишкек. 14.02.26. /Кабар/. Тиешелүү уруксатсыз каржылык ишмердүүлүк жүргүзүп, жогорку пайыздык чендер менен насыя берген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, А.А.Т. аттуу жаран оор материалдык абалда турган адамдарга карыз берип, ири көлөмдө пайда таап келген.

Тинтүү учурунда онго жакын мүлккө тиешелүү документтер, ошондой эле мыйзам талаптарын бузуу менен сакталган ок-дарылар алынды. Кармалган жаран тергөө абагына жеткирилди.

Учурда иштин бардык жагдайлары жана катыштыгы бар болуусу мүмкүн болгон башка жактарды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.