Бишкекте ишкерлерге жасалма патент берген салыкчы кармалды

Укук тартиби Загрузка... 10 Февраль 2026 10:44
WhatsApp Image 2026-02-10 at 07.27.11.jpeg
copyright icon УКМК

Бишкек, 10.02.26 /Кабар/. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Салык инспектору Ш.У.У. кызмат абалынан пайдаланып, жеке бухгалтердик компанияларга патент алуу боюнча мыйзамсыз консультациялык кызмат көрсөткөнү аныкталды.

Ошондой эле ал 2024-жылдан бери ишкерлерден 600 миң сомдон ашык каражат алып, маалымат базасына катталбаган жасалма патенттерди берип, акчаны өзүнө ыйгарып алган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен 2025-жылдын 27-январында Ш.У.У. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.