Бишкекте ири суммадагы алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Укук тартиби Загрузка... 10 Апрель 2026 17:50
WhatsApp_Image_2026_M2hNWVz.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Бишкек шаарында өзүн УКМК жана Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, ири өлчөмдөгү каражатты алдап алган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгына А.Ч. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Жабырлануучунун айтымында, белгисиз адамдар WhatsApp мессенжери аркылуу байланышка чыгып, өздөрүн УКМК жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырышкан. Алар аялга психологиялык басым көрсөтүү менен финансылык операцияларды жүргүзүү боюнча көрсөтмөлөрдү беришкен.

Алдамчылардын тилине кирген жабырлануучу өз каражатын кылмышкерлер көрсөткөн эсептерге которуп жиберген. Келтирилген материалдык зыяндын жалпы суммасы 1 млн 392 миң сомду түзгөн.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 20 жаштагы К.М. аттуу жаран шектүү катары кармалды. Ал Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.