Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Бишкекте 9-11-октябрда кыргызстандык жана чет өлкөлүк авторлорду, анимация тармагынын адистерин жана чыгармачыл багыттагы студенттерди бириктирген II эл аралык Toon Dook анимация фестивалы өтөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, фестиваль анимациялык чыгармаларды көрсөтүүгө, кесиптик тажрыйба алмашууга жана жаш авторлорду колдоого багытталган.
Иш-чаранын программасында Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү мыкты анимациялык тасмаларды көрсөтүү, мастер-класстар, лекциялар, чыгармачылык жолугушуулар жана анимация тармагынын учурдагы абалы менен өнүгүү келечегине арналган талкуулар каралган.
Фестивалга чет өлкөдөн Netflix платформасындагы “Love, Death & Robots” анимациялык долбоорунун бир катар эпизоддорунун режиссёру жана аниматор Роберт Вэлли, Штутгарттагы Эл аралык анимациялык тасмалар фестивалынын көркөм жетекчиси Аннегрет Рихтер жана француз режиссёр-аниматору Жан-Кристоф Роже катышат.
Мындан тышкары, жаш авторлор өз долбоорлорун тааныштырып, тармактын адистеринен кесиптик кеңеш алып, жаңы чыгармачылык байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Иш-чарага кирүү акысыз. Фестивалга чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү, студенттер, анимация тармагынын адистери жана бул өнөргө кызыккан бардык жарандар катыша алышат.