Бишкекте Айдарбеков көчөсүндөгү бульвар жаңыланды

Коом 9 октябрь 2026 11:00
WhatsApp Image 2026-10-09 at 07.38.50 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-09 at 07.38.46 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-09 at 07.38.50.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-09 at 07.38.47.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-09 at 07.38.46.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-09 at 07.38.45 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-09 at 07.38.44.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-09 at 07.38.43.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-09 at 07.38.45.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы И. Айдарбеков көчөсүндө жайгашкан, мурдагы Жаш Гвардия бульварынын орду жаңыланып, көрктөндүрүлдү. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, аймакта тротуарлар төшөлүп, сугат системасы жаңыртылып, эс алуу жана спорт менен машыгуу үчүн шарттар түзүлдү.

Ж. Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек жолу проспектисине чейинки тилкеде болжол менен 60 миң чарчы метр аймак көрктөндүрүлүп, 39,5 миң чарчы метр тротуар төшөлдү. Ошондой эле 16,2 чакырым сугат арыгы жаңыланды

Бульварга жарыктандыруу мамылары, отургучтар жана таштанды челектери орнотулду. Балдар аянтчасы, воркаут зонасы жана иттерди сейилдетүүгө арналган атайын аянтча курулду.

Жашыл аймактарды сугаруу үчүн система жаңыланып, жаадырма сугаруу жабдуулары орнотулду. Мындан тышкары, үч фонтан оңдолуп, ичүүчү суу үчүн үч фонтанча коюлду. Майыптыгы бар жарандардын жүрүүсүнө ыңгайлуу болушу үчүн пандустар да жасалды.