Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. 27-28-февраль күндөрү Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөш боюнча жаштар (U-20) арасында Кыргызстандын биринчилиги өтөт.
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчүлөргө “Тайманбас” олимпиадалык резервдеги балдар өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97, 125 кг салмак категорияларында күч сынашат.