Бишкекте энергетиктер 1,7 гектар жерди куураган камыштан тазалоо иштерин баштады

Коом Загрузка... 10 Февраль 2025 11:58
WhatsApp Image 2025-02-10 at 18.03.58.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Бишкекте энергетиктер 1,7 гектар жерди куураган камыштан тазалоо иштерин баштады.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Бишкек электр тармактар ишканасы 1,7 гектарга жакын электр берүү чубалгыларынын трассаларын кургак камыштан тазалоону пландаштырууда. Иштер 35/110/220 кВ жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын астында жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө жогорку чыӊалуу тармактар кызматы 220 кВ «Главная -Шу» жана «Алматы-Главная» аба чубалгыларынын трассаларын камыштан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Белгиленгендей, бул иштер энергообъекттерди өрттөн коргоого жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен туруктуу камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

"Жогорку чыӊалуудагы аба чубалгыларынын трассаларын суу жана саздак жерлерде камыштан тазалоо - электр тармактарынын үзгүлтүксүз иштешин колдоо боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чаралардын маанилүү бөлүгү",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жаз жана жай мезгилдеринде мындай аймактарга жетүү кыйын болгондуктан, иш адаттагыдай эле кыш мезгилинде жүргүзүлөт.

Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча Колл-борборго кайрылыңыз.
Колл-борбору : 105; 1209
Beeline: +996 772 00 1209
MegaCom: +996 556 00 1209
O! : +996 702 00 1209