Бишкекте эмен дарактарын зыянкечтерге каршы дарылоо иштери башталды

Коом Загрузка... 29 Апрель 2025 12:39
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 29.04.25. /Кабар/. 28-апрелден баштап Бишкек шаарындагы эмен дарактарын зыянкечтерге каршы химиялык дарылоо иштери башталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашкандай, дарылоо иштери Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти менен "Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы" муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылууда.

Департаменттен 13 адис жана 5 даана трактор, ага чиркелген уу чачуучу аппараттар тартылган.

Химиялык иш-чаралар шаардык жашыл аймактарды коргоо жана дарактардын зыянкечтерден жабыркашына жол бербөө максатында жүргүзүлүүдө.

Дарылоо иштери түнкү убакта жүргүзүлүп, адамдарга, жаныбарларга жана пайдалуу курт-кумурскаларга коопсуз болгон препараттар колдонулуп жатат.

Министрлик шаар тургундарын, өзгөчө химиялык заттарга сезгичтиги жогору болгон адамдарды дарылоо жүргүзүлүп жаткан аймактарда убактылуу жүрбөөнү жана коопсуздук талаптарын сактоону эскертет.