Айыл чарба министрлиги зыянкечтерге каршы 3510 даана феромон тузакчаларын сатып алды

Коом 904 14 Февраль 2025 09:42
27e4fdd2-ba77-4f50-9ea5-1757118a7a62.jpeg
2fcf4f6d-2769-4eeb-b24b-f4e803737837.jpeg
4d6df46f-9a83-4ec2-bf0c-f7cf5c3a1298.jpeg
82158f2e-77e2-4232-af75-454bf45c5384.jpeg
Алдыга
Артка
27e4fdd2-ba77-4f50-9ea5-1757118a7a62.jpeg
2fcf4f6d-2769-4eeb-b24b-f4e803737837.jpeg
4d6df46f-9a83-4ec2-bf0c-f7cf5c3a1298.jpeg
82158f2e-77e2-4232-af75-454bf45c5384.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги россиялык компаниядан зыянкечтерге каршы 3510 даана феромон тузакчаларын сатып алды.

Ведомствонун маалыматына караганда, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти сатып алынган тузакчалар менен карантиндик зыяндуу организмдерге изилдөө иш-чараларын толук кандуу жүргүзө алат.

Феромондук тузакчаларды департаменттин аймактык башкармалыктары тарабынан айыл чарба өсүмдүктөрдүн вегетациясы учурунда 20дан ашык карантиндик зыяндуу организмдерди аныктоо жана алар менен күрөшүү үчүн колдонулат.

Феромондук тузакча - карантиндик зыянкечтин белгилүү бир аймакта бар же жок экендигин даана аныктап берет.