Бишкек, 10.04.26 /Кабар/. Бишкекте экстремисттик уюмдун үч мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат күн мурун Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун үч мүчөсүн кармады.
Кармалгандар экстремисттик идеологияны жайылтуу жана жаңы жактоочуларды тартуу менен алектенип келишкен.
Алардын жашаган жерлеринен аталган уюм тарабынан чет өлкөлөрдө мезгил-мезгили менен баслып чыккан адабияттар жана материалдар алынган. Аларга карата атайын тергөө иш-чаралары улантылууда.