Бишкекте дээрлик 2 млн сом мамлекеттик алым өндүрүлдү

Укук тартиби Загрузка... 24 Март 2026 12:50
img-5214-14020.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Биринчи май райондук сот аткаруучулар бөлүмү республикалык бюджеттин пайдасына мамлекеттик алымды өндүрүү боюнча аткаруу ишин ийгиликтүү жыйынтыктады.

Сот аткаруучулар кызматынан билдиришкендей, мажбурлап аткаруу чараларынын алкагында мамлекеттик органдардын биринен жалпысынан 1 млн 780 миң 920 сом өлчөмүндөгү карыз толугу менен өндүрүлдү.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган иш боюнча 445 миң 230 сом өндүрүлгөн болчу.