Бишкек, 23.04.26 /Кабар/. Бишкек шаарында Эркиндик бульвары менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде дарак кулап, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери окуя болгон жерге барып, кулаган даракты тез арада кесип, жолдон жана жабыркаган унаадан алып салышты. Натыйжада жол кыймылынын коопсуздугу кыска убакыттын ичинде калыбына келтирилди.
Белгилей кетсек, аталган аймакта унаа токтотууга тыюу салынган жол белгилери орнотулган. Бирок ага карабастан, жабыркаган унаа тыюу салынган жерге токтотулган.