Бишкекте чөнтөкчүлүк менен алектенген жарандар кармалды

Укук тартиби Загрузка... 15 Август 2025 18:27
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 15.08.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын базарларында көп жылдар бою чөнтөк уурулук кылып кылмыштуу иш-аракеттерин жүргүзүп келген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында "чөнтөкчүлөр" жана майда уурулук кылган адамдар аныкталды.

Буга байланыштуу УКМК ички иштер органдары менен бирдикте Бишкектин базарларында көп жылдар бою чөнтөк уурулук кылып кылмыштуу иш-аракеттерин жүргүзүп келген кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө карата иш-чараларды өткөрдү.

Белгилей кетсек, бул аталган адамдардын басымдуу бөлүгүн идеологиялык жактан колдоп жана өлкөдөгү уюшкан кылмыштуу топтордун иштешине колдоо көрсөткөн жаштар түзөт.

Тактап айтканда, Бишкек шаарындагы ири базарларды көзөмөлдөгөн, мурда соттолгон, 1994-жылы 9-декабрда туулган Э.Э.Э. аттуу кылмыштуу топтун башчысы тарабынан системалуу түрдө тоноо жана уурулук фактылары аныкталып, Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турган жана жаш муундар арасында кылмыштуу идеологияны активдүү колдоп, жайылтып жүргөндүгү такталды.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыштуу топтун башчысы Э.Э.Э. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Ошол эле учурда аталган кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүнө карата профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.